
2022-жылдын 9-январында жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:59да Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Талас тоо кыркаларында, Ала-Бел ашуусунда, Өтмөк айылынан 15 чакырым батыш тарапта жайгашкан.
Өтмөк айылында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.