Нью-Йорк шаарынын Бронкс районундагы турак жайдан чыккан өрттөн каза болгондордун саны 19 кишиге жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, каза тапкандардын ичинен тогузу балдар. Шаардык өрт кызматынын башчысы аталган тилсиз жоону акыркы он жылдагы эң трагедиялуу окуя деп атады. 50дөн ашуун адамдын денеси ар кыл деңгээлде күйүк алганын, дагы 13 адамдын абалы оор экенин билдирди. Көбүнүн дем алуу органдары жабыркаган.
Нью-Йорк шаарынын өрт башкармалыгынын маалыматына караганда, жалынды өчүрүүгө жана батирлердеги жашоочуларды куткарууга 200дөй өрт өчүрүүчү тартылган.