Казакстандын күч түзүмдөрү террорчулукка шектүү деп кармалган Кыргызстандын жараны Викрам Рузахуновду бошотту.
Музыканттын бошотулганы жатканын Казакстандын акыйкатчысы Эльвира Азимова кыргыз акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбековго билдирген.
Демек, сабалган, камалган адам чындыгында Викрам болгон.
Маалыматка ылайык, Рузахуновду учурда Бишкекке алып келишүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргызстандык музыкантты куткарууга болгон аракеттер жумшаларын билдирген.
9-январда казактардын “Qazaqstan” телеканалы Викрам Рузахуновдун башаламандыкка тиешеси бар экендигин мойнуна алып жатканы тууралуу видеону жарыялаган. Бирок, кыргызстандыктар андан белгилүү джаз музыкантын таанышкан.