
Казакстандагы баш аламандыктардын кесепетинен камакка алынгандардын саны 7 миң 939 адамга жетти.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бүгүн, 10-январга карата тараткан маалыматына ылайык, полиция кызматкерлери менен Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлеринин катышуусундагы ыкчам иштердин алкагында Алматы шаарынан 207 адам кармалган.
Уурдалган 5 автоунаа, жаңы компьютердик процессорлор, ноутбуктар жана музыкалык борборлор, ошондой эле 6 даана ок атуучу курал табылган.