
Бүгүн, 10-январда Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү, – деп билдирет “Казинформ” маалымат агенттиги.
Билдирүүгө ылайык, Казакстандын бир катар региондорунда орун алган акыркы окуяларга байланыштуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоону чечкен. Бүгүн өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлөт.