Президент Садыр Жапаров Вихрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирин Фейсбук баракчасына билдирди.
“Урматтуу Кыргызстандыктар! Биз Казакстанда болуп жаткан окуялардан толук кабардарбыз. Викрам Рузахунов тууралуу маалымат эртең менен социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмаларды бердим.
Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингке катышып калгандар да болушу мүмкүн.
Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү”, – деди Садыр Жапаров.