Бүгүн, 9-январда Бишкектеги Казакстандын элчилигинин алдында Казакстандагы соңку башаламандыктарга тиешеси бар делип кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду колдогон митинг өттү.
Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына чогулгандар Рузахуновду Кыргызстанга алып келүү талабын коюшту.
Эске салсак, 9-январда Казакстандын «Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы» телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.