Ташиев депутаттарга: “Добуш бере албасаңар унчукпай отуруп бергиле”

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду.

Баардыгы 49 депутат каттоодон өтүп, коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.

Анда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүүдө эл өкүлдөрү тез арада чечим кабыл алышы керектигин айтты.

«Урматтуу депутаттар, азыр өзүңөрдү пиарлай турган мезгил эмес. Мага кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү жайларды жабылгандыгы тууралуу маалымат келип түштү. «Эртең эмне үчүн ун келбей калды?» деген элдин суроосуна Айдарбеков жооп берсин.

Бир кап ун 10 миң сом, 1 литр бензиндин баасы 100 сомго чыкса, бул жерде мамлекетти дагы ойлош керек. Биз көчөдө жүргөн адам эмеспиз. Силер жаңы шайланып келген депутаттар катары жоопкерчиликти алышыңар керек. Эртең депутат Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт.

Ошондуктан урматтуу депутаттар, бул жерде өзүңөрдү көрсөтө турган убакыт эмес. Бул мамлекет башчысы кабыл алган чечим. Добуш бере албасаңар унчукпай отуруп бергиле! Азыр жети посттун төртөө жабылды. Бардыгы жабылса унду желкесине Кадырбеков ташып келеби? Элди ким багат? Ошондуктан тезинен чечим кабыл алып берүүңүздөрдү суранабыз же болбосо жабык эшик артында карайлы»,-деди Ташиев.