
Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдады.
Бул тууралуу 7-январда “Азаттыктын” казак кызматы жазды.
Кабарларга караганда, күч түзүмдөрү жалпы үч миңдей адамды кармады.
ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон.