Депутат Шарапаткан Мажитова: “Кыргыз аскерлери менен кошо 5-6 депутатты жөнөтөлү”

Депутат Шарапаткан Мажитова суроо берүү үчүн алган убактысын кыргыз элин жаңы жыл менен куттуктоого кетирди.

Жыйынды алып барып жаткан Улан Примов он жолу 10 секунд кошуп берсе да оюн жыйынтыктай алган жок. Сөзүнүн аягында “кыргыз аскерлери менен кошо 5-6 депутатты жөнөтөлү” дегенде Кабминдин мүчөлөрү күлдү.

“Эже, рахмат, депутаттар ал жакка барбай эле турсун”, – деди Ташиев.

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйынга чогулду.

Депутаттар Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат.