Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы билдирди.

Анын айтуусуна караганда, кошумча маалымат парламенттин басма сөз кызматы аркылуу жыйын соңунда таратылат.

Учурда Жогорку Кенештин алдында митингге чыккандар аталган жыйын ачык болуусун талап кылып жатышат.

IMG 20220106 134103 Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгын кабарланган болчу.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.