Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы дайындалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп Эрмек Сагимбаев дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Эрмек Сагимбаев Казакстан Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Карим Масимов Алматы шаарындагы башаламандыктан улам иштен алынган.