
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Дастан Догоев ушул жылдын 20-майында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 12-октябрда Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлган. Кийин ал мекеме кайра түзүлүп, жетекчиси Дастан Догоев болгон.