
Казакстандын Жанаозен шаарынын газды кайра иштетүүчү заводунун жетекчиси жана күйүүчү майдын электрондук соода-сатык тармагынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, заводдун жетекчиси бааны негизсиз көтөргөн.
“Учурда каржы агенттиги сотко чейинки өндүрүш ишин баштады“, – деп жазылат маалыматта.
Учурда шаардык акимиатты күч органдарынын кызматкерлери коргоп турушат. 5-январдын түнүндө Касым-Жомарт Токаев Алматы шаары менен Мангистау облусуна 19-январга чейин өзгөчө абал киргизген болчу. Буга байланыштуу өзгөчө маанидеги мамлекеттик мекемелер күчөтүлгөн коргоого алынган