
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Республикалык жугуштуу ооруканасынын «кызыл зонасына» жаткырылды. Бул тууралуу АКИpress жазды.
Ташиев 4-январда өпкө кагынуусу менен ооруканага келген. Андан COVID-19га анализдер алынып, ал эртен менен даяр болору айтылды.
УКМКнын төрагасынын ден соолугунун абалы канааттандырарлык.
Камчыбек Ташиев 2020-жылы коронавирус инфекциясы менен ооруган. Ооруну ал татаал көтөргөн. Жеке стационарда дарыланган.