Чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыргызстандын мамлекеттик Чек арасы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул туурасында казак басылмалары жазып чыгышты.

Билдирүүдө айтылгандай, Кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматы коңшу өлкөдөгү учурдагы абалга тыкыр көзөмөл салууда. Чек арачылар 30-декабрдан тарта эле күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы маалымдалат.

Ошондой эле Казакстандагы митингден улам абал курчуп кетсе тиешелүү чаралар ыкчам көрүлүп, ИИМдин, ӨКМнын жана башка органдардын кызматкерлери тартылары айтылат.