
Нур-Султан шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду. Өзгөчө кырдаал режими 5-январдан тарта 19-январга чейин киргизилди.
Эске салсак, митингчилер өкмөттүн отставкасын талап кылышкан. Мындан улам президент Касым Жомарт-Токаев өкмөттү отставкага кетирди. Мындан тышкары Касым Жомарт-Токаев Алматы шаарына коменданттык саат киргизди.