Кыргызстанда дүйнөлүк Тоо саммити өтөт

Өлкө башчысы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда дүйнөлүк Тоо саммити өтөөрүн билдирди.

Президент Кыргызстандын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлеп турарын жана аларды көздүн карегиндей сактоо керектигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы бул багыттагы маселени БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында көтөргөн. Өз учурунда аталган отурумдун катышуучулары демилгени колдоого алып, Кыргызстанда дүйнөлүк Тоо саммитин өткөрүүнү жактырышкан.
“Биздин өлкөгө ыйгарылган мындай жогорку ишенимди акташыбыз керек жана Тоо саммитин жогорку деңгээлде уюштуруу милдети алдыбызда турат”,— деп билдирген өлкө башчы.

Эске салсак, БУУ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун сунушу боюнча 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы”,- деп жарыялаган жана тийиштүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-чакырылышында кабыл алынган.