Баткенде батирден өрт чыкты

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-январь күнү 21:32де Кызыл-Кыя шаарынын Маяковская көчөсүндө турак үйдө өрт чыкты деген маалымат түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Саат 21:44тө өрт чектөөгө алынып, 21:55те толук өчүрүлгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн бир бөлмөсү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыккан. Жабыркагандар жок.