
Кыргызстандык Александр Волкодав Россиянын «Голос 10» сынагын жеңди.

Сынактын финалы кечээ, 29-декабрда өткөн. Финалга 4 катышуучу: кыргызстандык Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев, ошондой эле россиялык Элина Пан жолдомо алышкан.

Волкодав россиялык ырчы Пелагея менен чогуу «Arcade» чыгармасын аткарды.
Телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Волкодав жалпы добуш берген адамдардын 53,3 пайыз колдоосуна ээ болуп, жеңүүчү аталды.