
Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтүп жатат. Ушул эле күнү төрага шайланат деп күтүлүүдө.
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды.