ИИМ: 2021-жылдын 11 айында жарандардын 200 миңден ашык билдирүүсү катталды

Республика боюнча ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан келип түшкөн билдирүүлөрдү аныктоо, каттоо, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө топторун жөнөтүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүдө.

WhatsApp Image 2021 12 29 at 11.53.13 ИИМ: 2021-жылдын 11 айында жарандардын 200 миңден ашык билдирүүсү катталды


2021-жылдын 11 ай аралыгында Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан электрондук маалымат журналына кылмыштар, жоруктар жана башка укук бузуулар боюнча 234 миң 82 билдирүү катталып, анын ичинен 131 миң 546 Кылмыштардын бирдиктүү реестрине которулган.
2021-жылдын өткөн мезгилинде окуя болгон жерлерге 85 миң 542 жолу тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлгөн.
Көрсөтүлгөн сандын ичинен 67 миңи – кылмыштуулук жана тартип бузуу фактылары, 15 миң 911 кайрылуу медициналык мекемелерден кылмыш мүнөздөгү жаракаттар боюнча маалыматтар жана 2 миң 184 жалган чалуулар катталган.

WhatsApp Image 2021 12 29 at 11.53.12 1 ИИМ: 2021-жылдын 11 айында жарандардын 200 миңден ашык билдирүүсү катталды


Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан 5 миң 14 шектүү адамдар кармалган. Ал эми, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө кылмыштуулук жана тартип бузуу фактылары боюнча 31 миң 536 адам жеткирилген.


Жетекчилер тарабынан ар дайым Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнүн жана ыкчам-тергөө топторунун кызматкерлерине нускамалар өткөрүлүп турат. Анда милиция кызматкерлерине республикадагы коомдук-саясий жана криминогендик кырдаал тууралуу маалыматтар берилип, өз учурунда ыкчам-иликтөө иштерин уюштурууну камсыздоо боюнча милдеттемелер коюлуп, күнүмдүк кызмат өтөө учурунда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткаруусу эскертилип турат.

ИИМдин Басма сөз кызматы