“Кылмыштын арты өкүнүч” аталыштагы театр-форум Нарында болду

Нарын ОИИБи: Нарын районунда кылмыштын арты өкүнүч менен аяктаарын эскерткен театр-форум өткөрүлдү
2021-жылдын 27-декабрь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгесинин негизинде, Нарын районуна караштуу Достук айылындагы Достук атындагы орто мектебинин жалпы окуучулары тарабынан “Кылмыштын арты өкүнүч” аталыштагы театр-форум, семинар болуп өттү.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 14.00.29 "Кылмыштын арты өкүнүч" аталыштагы театр-форум Нарында болду


Семинарга Нарын РИИБнүн начальнигинин орун басары милициянын подполковниги Талант Ашырбаев жана мекеме жетекчилери катышты. Бул иш- чаранымаксаты жаңы жылдык иш-чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жашы жете элек өспүрүмдөргө ушундай иш-чараларды уюштуруп өткөрүү менен кеңири калк арасында, анын ичинен өзгөчө жаш өспүрүмдөргө алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 14.00.30 "Кылмыштын арты өкүнүч" аталыштагы театр-форум Нарында болду
WhatsApp Image 2021 12 28 at 14.00.31 "Кылмыштын арты өкүнүч" аталыштагы театр-форум Нарында болду


Ошондой эле эң негизгиси, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу, Кыргыз милициясын тартип сакчысы үлгүсү катары көрүүгө, окуучулардын, жарандардын милицияга болгон ишеничин жогорулатуу болуп эсептелинет.
Иш-чаранын соңунда Нарын РИИБнүн жетекчилиги окуучулардын ар бирине Нарын РИИБнүн балдар иштери боюнча инспекторлорунун атынан жаңы жылдык белектерди тапшырып, каалоо-тилектерин айтуу менен ата-энелерге, мугалимдерге сөз берилди.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 14.00.32 "Кылмыштын арты өкүнүч" аталыштагы театр-форум Нарында болду


Мындан тышкары, семинардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы