Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаарындагы кампалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, Кулатов көчөсүндө кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 12лер чамасында жалпы 3 бөлүм тартылган.