
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Боконбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында (Шалба айылы) Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бакты сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган Б.М. аттуу эркек киши каза болгон. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенче ИИМ кызматкерлери маркумдун жансыз денесин чыгарып алышкан.