
Ош облусунда өрттүн кесепетинен 4 жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө ӨКМдан жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.
Кырсыктын кесепетинен 2 аял, 12 жана 2 жаштагы балдар каза болгон.