Өкмөт үйүнүн алдында чыккан соодагерлер бийликке 2 күн убакыт берди

Соодагерлер жаны салык кодексин президент артка кайтарсын деген талап менен митингге чыгышты.

Бишкекте өкмөт үйүнүн имаратынын алдына митингге чыккан жарандардын саны 80ге жакын. Алар кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы.

Алардын айтымдарында, ККӨге өткөндө биринчиден, өндүрүш кымбаттайт, андан кийин бизнестин кыйроосу байкала баштайт. Өзгөчө бул чакан бизнестерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин «Дордой Дыйкан» базарынын сатуучулары да бүгүн митингге чыгаары айтылган. Алар да ККМди киргизүүгө каршы. Алардын айтымында, кассалык аппараттар орнотулгандан кийин ишкерлер товарларынын баасын көтөрүүгө аргасыз болушат.

Элдин баары учурда кыйналып жатат. Карапайым элдин эле жашоосуна кедергисин тийгизет дешти алар.

“Бюджетти ушундай жол менен толтуруу туура эмес. Баалар кымбаттап жатат. Садыр Жапаров салык кодексин артка кайтарсын. Эртен тобокелчиликтер арбын болот. Биз бийликке кайрылуубузду таштайбыз, 2 кун убакыт беребиз. Бир гана президенттин кол коюуусу калды, себеби 1-январдан тарта салык кодекси кабыл алынат деп жатат”