
Бүгүн, 27-декабрдан баштап Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде көмүр берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынан маалымдашты.
Алар кабарлагандай, 10-январга чейин көмүрдүн жаңы катмарын ачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт.“Кайрадан кесек көмүр берүү 2022-жылдын 10-январынынан баштап берилет. Ал эми ЖЭБге көмүр токтоосуз берилет”, – деп билдиришти мекемеден. Эске салсак, быйыл 4 айдын ичинде (сентябрь-декабрь) жарым миллион тонна көмүр казылып чыгарылды.