«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы Т.Б. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.
Т.Б.нын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилге негиз боло турган документтер табылган.