Бишкек шаарынын аймагында 17нен 23-декабрга чейинки аралыкта 4 миң 638 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинен:
– мас абалында автоунаа башкаруу – 75;
– автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо – 20;
– айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу – 49;
– жасалма номер менен автоунаа айдоо – 3;
– жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар – 124;
– башка жол эрежелерин бузуулар – 4 367. Ал эми ар кандай эреже бузган 385 автоунаа айып короосуна киргизилген.