
Бишкек шаарынын аймагында 17нен 23-декабрга чейинки аралыкта 4 миң 638 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.
Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, анын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 75;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 20;
— айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 49;
— жасалма номер менен автоунаа айдоо — 3;
— жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 124;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 4 367. Ал эми ар кандай эреже бузган 385 автоунаа айып короосуна киргизилген.