26-декабрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү. Бул тууралуу УКМКга караштуу чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү билдирди.
Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат. 25-декабрда саат 14.30дарда Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Ошондой эле Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап минемотун алып кеткени маалым болду.
Андан тышкары саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандыктардын төрт машинесине таш ыргыткан. Андан автоунаалар жабыркап, эч ким жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган «Көк-Таш» чек ара бекетинин башчысы эскертүү иретинде үч жолу асманга ок чыгаргандан кийин тажик жарандары качып кеткен.
Кыргыз тараптын маалыматына таянсак, окуядан кийин Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин башчылары жолугушкан. Тажик тарап окуяга катышы бар адамдарды издеп жатканын билдирген. Эскалацияга жол бербөө максатында Баткен чек ара кызматынын башчысы жана УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси окуя болгон аймакка барган.
Тажикстан расмий комментарий бере элек.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Быйыл жазында эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал болуп, андан ондогон адамдын өмүрү кыйылган.