Батирден 91 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Бишкекте батирлердин биринен 91 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ленин районунун Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 91 жаштагы М.Н. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылды.

Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.