Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.
Жыйналыштын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Центерра өзү «Күмтөр» ага таандык эместигин моюндаганын билдирди.
«Чет өлкөлүк компания тарабынан КРнын экологиялык коопсуздуктун нормаларын одоно бузгандыгы үчүн «Кумтөр» кенине 17-майдан тартып, убактылуу тышкы башкаруу кииргиздик. Центерра өзү да «Күмтөр» ага таандык эместигин моюндап жатат. Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган. Биз эл аралык соттор менен күрөшкөндөн коркпой калдык, эл аралык сотторду жеңе баштадык»,-деди президент.