Мугалимдердин да айлыгы көтөрүлөт, – өлкө башчы

Учурда Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Жыйналыштын жүрүшүндө, өлкө башчы мугалимдердин да айлыгы көтөрүлөөрүн айтты.

«Биринчиден, Саламаттык сактоо , маданият системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы категориясына жараша 50% чейин жогорулатылды. Экинчиден Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн каражатыбызга ок өтпөгөн машиналар жана башка аскер техникаларын сатып алдык. Буйруса, бюджетти жакшы көтөрүп алсак апрель айынан баштап, дагы башка тармактагы, мугалимдерден баштап баарынын айлыктары көтөрүлөт,»-деди Жапаров.