Сумая Хосилжанованын өлүмү. Жалал-Абад милициясы күбөгө басым жасалып, мойнуна алдыруу болгон эместигин айтты

Жалал-Абаддын Сузак районунда 18-ноябрда дайынсыз болгон тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованын жансыз денеси тогуз күндөн кийин табылган. Ушул күндөргө чейин кылмышкер табылган эмес. Кечээ, 23-декабрда У.А. деген адам кармалып, сурак берип, күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылмышты кантип жасаганын да айтып, көрсөтүп берген. Бирок, бүгүн ал айткандарынан баш тартып, милиция кызматкерлери басым кылып мойнуна алдыртканын адвокаты Мунарбек Сулаймановго билдирген. BULAK.KG сайты Жалал-Абад Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаевге кайрылганда, мындай жообун берди:

“Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча А.Усманов күбө катары чакыртылып, учурда бардык далилдер толукталып жатат. Ошол эле учурда, анын айткандарын, берген көрсөтмөлөрүн аныкташ үчүн, соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Ага шектүү катары кабарлама бериле элек, ал маселеге чейинки экспертизанын жыйынтыгы зарыл болуп калды.

Усмановдун адвокатынын, милиция кызматкерлери басым менен моюнга алдырды дегени чындыкка туура келбейт. Анткени бизге эч ким арызданган жок, бардык иштерди мыйзам чегинде аткаруудабыз. Эгер милиция тарабынан кандайдыр бир туура эмес иш аракеттер болсо, арыз жазып кайрылганга аларда толук укугу бар.

Учурда А.Усмановго байланыштуу тигил же бул далилдер бар деп тергөөгө аралаша албайм. Экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча алдыга чуркай албайбыз”, – деди.