Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 52 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 987 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 155 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 186 миң 334 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 992 миң 724 жаран экинчи компоненти менен эмделди.