Интернеттен жол тескөөчүнүн бети канжалаган сүрөтү жарыяланды

Социалдык тармакта жол тескөөчүнүн бети канжалаган сүрөтү пайда болду. Сүрөттү 23-декабрда Азамат Ормокеев аттуу колдонуучу өзүнүн баракчасына жарыялады. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 2021-жылы 30-апрелге караган түнү Бишкек—Ош унаа жолунун 654-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында болгон

«Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери 2-кезметте кызмат өтөп турганда аталган окуя болгон. Кара-Суу районунун тургуну — 1996-жылы туулган Ш.К. агасы, досу менен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаасы менен Өзгөн шаарынан Ош шаарын көздөй келе жатып, унаасына кошумча үн чыгаруучу жабдыкты орнотуп алган. Аны кызматкерлер токтотушкан. Ал кызматкерлерге баш ийбей, токтобой кетип калган. Ошол эле күнү саат 02:30 чамасында кайра Ош шаарынан Өзгөн шаарын көздөй келе жатып, жолдогу жол тескөөчүлөргө тийишип, кошумча үн чыгаруучу жабдыкты күйгүзүп-өчүрүп өтүп кеткен. Кызматкерлер токтоткондо баш ийген эмес. Кайра жарым саат өткөндө келип, унаасын токтотуп, себепсиз эле кызматкерге карата таш ыргыткан. Таш кызматкердин кашына тийип, кашы жарылып кеткен.

Аталган окуя Кара-Суу РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочу шериктери менен кармалган. Ал шериги менен 2 ай камакта отуруп, Кара-Суу райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Учурда бул иш Кара-Суу райондук сотунда каралып жатат», – деп айтылат маалыматта.