25-декабрдан тарта күн узарат, – астрономдор

Күн менен түндүн жазгы теңелүүсү 20-марттан 21-мартка караган түнү болот. Астрономдор бул маалда күн экватордун дал ортосуна келип, андан соң түндүк жарым шарды карай жыларын айтышат. Бул күндү кыргыздар жыл ажыраш деп атап, жаңы жылдын башталышы катары белгилешкен.

Эң узун күн 21-июнда, эң кыска түн 22-июнга караган түнү болот. Ушул күндөн 2-3 күндөн кийин жайкы саратан башталарын айтып келишкен. Ал эми күн менен түндүн күзгү теңелүүсү 21-сентябрдан 22-сентябрга караган түнү орун алат.

Астрономиялык изилдөөлөр боюнча, 21-декабрдын күнү эң кыска, ал эми 22-декабрга караган түн эң узак болот. Андан кийин акырындык менен күн узарып, түн кыскарып баштайт. Тактап айтканда, 25-декабрдан тарта күн узарат