тСадыр Жапаров 3-декабрдагы буйругу менен 2 манасчыга энчилүү саат ыйгарды.
Тактап айтканда, улуттук маданиятты өркүндөтүүгө, кыргыз элинин рухий жана маданий баалуулуктарын бекемдөөгө жана сактоого кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстандагы «Манас» эпосунун күнүнө байланыштуу Сейдракманов Назаркул Эшенкулович жана Бакчиев Талантаалы Алымбекович президенттин энчилүү сааттары менен сыйланды.
Андан тышкары манасчылар Баялиев Замирбек Жайлообекович жана Асан уулу Тилекке ыраазычылык жарыяланды.