«Жайшуль Махди» террордук топтун лидери делген шектүү кармалды

Бишкекте террордук топтун лидери делген шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

YouTube video

Маалыматка ылайык, «Жайшуль Махди» террордук топтун лидери делген жаранды милиция менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте колго түшүрдү. Шектүүнүн үйүнөн Калашников кол пулемёту жана патрону жок магазин табылган.

Шектүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, куралы соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн.