
Сокулук районунда жер тилкесин мыйзамсыз басып алып, үчүнчү жактарга саткан деген шек менен 58 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2019-жылдын 9-мартында Сокулук РИИБнө Токмак шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2015-жылдан бери Новопавловкадагы башка бирөөлөрдүн жер тилкелерин үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып келген аялга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесине ылайык каттоого алынган.
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 58 жаштагы жаранды кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты.