Игорь Шестаков: Мигранттар – өлкөдөгү туруктуулукту кармаган биринчи фактор

Саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусундагы “Жылдын саясий жыйынтыгы” талкуусунда саясат таануучу Игорь Шестаков сөзүн айтып, азыркы коомдук-саясий туруктуулукту кармап турган чоң күч – бул Россиядагы мигранттар экендигин белгиледи.

«Суперпрезиденттик мамлекет катары кандай ийгиликкке жетерибизди эмки жыл көрсөтөт. Азыр бизде дээрлик бардык эле саясатчылар популисттер деп айтсак болот. Буга чейин сиздер биздеги бийликтегилерди популисттик мүнөзү жагынан Дональд Трампка салыштырып өттүңүздөр. Бирок, өзүңүздөр билгендей Трамп мамлекети үчүн ошол популизми менен миллиондогон жумуш орундарын түзүп берген. Эгер Садыр Жапаров жумушсуздукту жоюуга чечкиндүү кадамдарды жасап, миллион болбосо да, бул маселени орчундуу карап, чечүүгө жол тапса, баатырдык кылган болмок.

Кыргызстандагы эң туруктуу көрсөткүчтөр жалгыз мигранттарга байланыштуу десек жарашат. Россия федерациясында да чоң экономикалык кризис болуп жтканы талашсыз. Ага карабай биздин мигранттар өз үй-бүлөлөрүнө акча каражаттарын тындырбай которушууда. Алардын которгон акчалары кыскармак түгүл, өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бул эмне дегендик? Аларга жумуш бергендер көбүрөөк төлөй баштады дегенди түшүндүрбөйт. Болгону мигранттардын саны барган сайын өсүп баратат. Тилекке каршы ушул көйгөйлөр бизде чечилбей келе жатат.

Россия мамлекети биздин бюджетке 900 млн сомду кошуп бергендиги тууралуу маалымат да чыкты. Эгер биздин бийликтегилер айтып жаткандай, бюджетибиз профицит менен бара жатса, эмне үчүн башка өлкөнүн жардамына муктаж болуудабыз? Менимче ар бир жаран өз өлкөсүндө бакубат жашоодо жашашы керек”.