
2021-жылдын 22-декабрь күнү Чон-Алай РИИБдин начальниги Марс Додуев, Чоң-Алай районунун аксакалдар сотунун тѳрагасы Шарабидин Жанботоев, райондук ички иштер бѳлүмүнүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете электер менен иштешүүчү инспекторлору менен биргеликте Чон-Алай РИИБдин кѳчмѳ кабылдама унаасы менен райондун Кашка-Суу айыл аймагында болушту. Мындагы жашоочулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, жаңы жылды тосууга байланышкан салтанаттуу кечелерди ѳз алдынча уюштурбоо, коопсуздук чараларын так сактоо боюнча жаш ѳспүрүмдѳргѳ, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай иш-чаралар райондун бардык айылдарында ѳткѳрүлмѳкчү.


Ош ОИИБдин басма сѳз кызматы