
Бүгүн, 22-декабрда Бишкекте саясий-укуктук изилдөө борборунун уюштуруусунда “Жылдын саясий жыйынтыгы” аталышында мамлекеттик органдардын, эксперттик коомдун өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер менен массалык маалымат каражаттарынын катышуусундагы тегерек стол өтүүдө.
Талкууда модератор болуп жаткан Саясий-укуктук изилдөө борборунун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Садыр Жапаров, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин иштерине баа берип, көбүнесе алардын тегерегинде түзүлгөн команда – популист-харизматиктердин тегерегинде чогулду деген пикирин билдирди.
Ошондой эле, өлкөдөгү экономикалык оор абалды да белгилеп өттү. Күйүүчү майга, азык-түлүккө болгон баалардын өсүп жаткандыгын кошумчалап, мурдагы баага азыр керектөөлөрдү үч эсеге азыраак сатып алуу мүмкүн экенин айтты.
