“Апамды сен майып кылгансың”: Баткенде жеңесин сабаган адам кармалды

Буга чейин социалдык тармактарда төмөндөгү аялдын сүрөтү тарап, тажиктер тарабынан сабалгандыгы айтылган. Бул маалыматты Баткен ОИИБи четке кагып, жабырлануучуну тажиктер эмес, өзүнүн туугандары сабашканын айтат.

Маалыматка ылайык, окуя 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Айдаркен шаарындагы соода базарында болгон.

«Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан «үйүңүзгө жеткирип коём» деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген. Бул факты Кадамжай РИИБинде «бейбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.