Бишкекте троллейбус жүргүнчүлөрүн эми Аяз ата менен Аяз кыз коштоп, Жаңы жыл майрамы менен куттуктап жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, акция 31-декабрга чейин уланат. Муниципалитет шаар тургундары менен коноктордун маанайын көтөрүү максатында уюштурган.
«Аяз ата менен Аяз кыз алгач 11-маршрут менен каттаган троллейбуска түшкөн. Алар жүргүнчүлөргө ыр, бий тартуулап, сынак уюштурушту», — деп айтылат маалыматта.