Милициясы дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Данил Семеновду издеп жатат

Сокулук райондук милициясы дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Данил Семеновду издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүм 19-декабрь күнү саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Өспүрүм буга чейин да үйүнөн качканы айтылды.

Өзгөчө белгилери: бою 150 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бетинде сепкили бар.Үстүнө кара түстөгү спорттук шым, кара кофта, жеңи жок кара күрмө, кара кепич кийип жүргөн.

Өспүрүмдү көргөндөр (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кабарласа болот.