Мэр өрткө байланыштуу чукул жыйын өткөрдү

Борбор калаанын мэри өрт чыккан кампанын ээлерине уруксат берген аткаминерлерге укуктук баа берүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, мэр өрткө себеп болгон жагдайларды тактоо үчүн чукул жыйын өткөргөн.

«Отурумдун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жана Биринчи май райондук прокуратурасына аталган кампанын учурдагы ээси «Триумф клуб» ЖЧКсына уруксат берген адамдарга юридикалык баа берүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Бишкек жана Чүй облусу боюнча өрткө каршы инспекциясына өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин реестрин даярдоо тапшырмасы берилди», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, бүгүн Тимирязев менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруу пунктунун май куюучу багынан өрт чыккан. Өрт саат 07:46да курчоого алынган. Жерине Бишкектин үч районунан бригадалар тартылган.