Көзү көгөргөн министр: Силер болсо иштей албай калдык деп жатып алмаксыңар

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эл алдына сол көзү көк болгон абалда чыккан.

SUPER.KG порталы министр менен байланышканда, көзүнүн көгөрүшү боюнча түшүндүрдү.

image 40 5 Көзү көгөргөн министр: Силер болсо иштей албай калдык деп жатып алмаксыңар

Тоонун башынан 2 метрлик балатыларды алып келип “Алтын балалыкка” тигип жатабыз. Өйдө жактан балатыны сүйрөп келе жатканда томолонуп келип бизди басып калды. “Алтын балалыкка” барып жардам берип жатам. Журналисттерди дагы чакырам. Силерди дагы басып калат. Силер болсо иштей албай калдык, оорудум деп жатып аласыңар. Мен анткен жокмун. Иштеп жатам”, – деди ал.

Аны айрымдар спирт ичимдигин ичип алып, бирөө менен мушташкан деп сындап жатышат. Бул боюнча ал төмөндөгүдөй жооп берди.

“Биринчиден, мен спирт ичимдигин ичпейм. Экинчиден, мени сабай турган киши жок. Кыргыз мамлекетинен мени сабай турган бирөөнү көрсөтчү. Мен баарын сабайм. Мени бирөөлөр сабай албайт”, – дейт ал.